Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга Бишкек шаардык кенешиндеги Жаныбек Асанбековдун депутаттык мандатын жоготууга байланыштуу кырдаалды иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу экс-депутаттын тараптасы Карачач Шакирова социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Ал президент Асанбековду угуп, бардык маселелер мыйзамдарга жана адилеттүүлүк принциптерине ылайык, бейтараптык менен изилдениши керектигин белгилегенин айтты.