Бүгүн Кыргызстанда аздап жамгыр жаашы күтүлүүдө. Башкалаа Бишкекте түнкү температура +17 градус болот, ал эми күндүз +34 градуска көтөрүлөт.
Чүй облусунда түнкү температура +14, күндүз болсо +35 градуска жетет деп күтүлүүдө. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкү температура +17 градус болот, ал эми күндүз термометрлер +37 градуска чейин көрсөтүшү мүмкүн.

Нарын облусунда түнкү аба температурасы +8 градуска чейин төмөндөп, күндүз +28 градуска көтөрүлөт. Ысык-Көл облусунда түнкү температура +10, күндүз болсо +26 градус күтүлүүдө.