Бишкекте жол-транспорт инфраструктурасын модернизациялоо уланууда. 23-июлдан баштап Чингиз Айтматов проспектинде, Горький көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки аймакта үч тилкелүү бөлүктү белгиленген стандарттарга ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бул долбоордун максаты — магистралдын өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу, транспорт тыгындарын минималдаштыруу жана жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу. Иштер аяктагандан кийин бул бөлүктөгү кыймыл көбүрөөк ыңгайлуу болот, ал эми шаардык маанидеги магистралдардын өткөрүү жөндөмү кыйла жогорулайт.