Внутрен иштер министрлигинде коллегиянын жыйыны өттү, анда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы оперативдик-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары чыгарылды.
Жыйында ИИМдин ишинин жыйынтыктары, анын ичинде ведомствонун санариптештирүүдө жетишкендиктери, туристтик сезондо коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар жана анын ишмердүүлүгүнүн башка маанилүү аспекттери каралды.
Коллегиянын катышуучуларынын көңүлү укук тартибин сактоодогу аракеттердин натыйжалуулугун, башкаруу процессинин жакшыртылышын, заманбап санариптик технологияларды киргизүүнү жана кызматтык тартипти бекемдөөнү баалоого бурулду.
«Коопсуз өлкө» долбоорунун ишке ашырылышы 2026-жылдын аягына чейин аяктайт. Бул демилгени ишке ашыруу алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камераларын орнотуу пландалууда, бул кылмыштардын алдын алууну жана жарандардын коопсуздугун кыйла жогорулатат.