25-июлга караган түнү Украинанын Сумы аймагында орусиялык дрондун чабуулунан каза болгондордун саны экиге жетти. Бул тууралуу аймактык администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.Анын Telegram каналында жарыяланган маалыматка караганда, оор жараат алган адам өзүнө келе албай каза болду. Андан мурдараак Григоров жана Сумынын мэри Сергей Кривошеенко почта бөлүмүнө жасалган соккудан бир адам көз жумганын билдиришкен.Кривошеенко дрондор дагы бир май куюучу жайга тийип, өрт чыкканын жана...