Европа Биримдиги 23-июлда орус аскерлеринин Украинага толук масштабдуу кол салуусуна байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынын 21-топтомун жактырды. Жаңы чара банктарга, криптовалюталык түйүндөргө, мунай ташуучуларга, Орусиянын энергоресурстардан алып жаткан кирешесине каршы багытталган.Санкциялардын жаңы пакетине 218 жак – 170 компания жана 48 адам киргизилди. Reuters агенттиги муну акыркы төрт жылдагы Евробиримдик кабыл алган санкциялардын эң ириси деп атады.Жеке санкцияга илешкендердин...