Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда жеке ишкерлердин мамлекеттик каттоосунан өткөндүгү тууралуу кагаз күбөлүктөрдү санариптештирүү процессин аяктады. Эми ишкерлер каалаган убакта салык төлөөчү кабинети аркылуу документтеринин электрондук версиясын ала алышат.

Бул санарип кызматтын киргизилиши күбөлүктүн жоголгону тууралуу жарыя жарыялоо зарылдыгын жоюп койду. Мурда, каттоо картасы же каттоо күбөлүгү жоголгондо, жеке ишкерлер бул тууралуу маалыматты расмий басма сөздө жайгаштырууга милдеттүү болушкан. Эми бардык зарыл болгон аракеттерди онлайн режиминде жүргүзүүгө болот.