Бүгүн, 25-июлда, Ысык-Көл облусунун Тосор айылында Үркүн окуясын эскерген кезектеги жөө жүрүш башталды. Аны “Тосор коому” жана “Эсимде” изилдөө аянтчасы биргеликте уюштурду. Үркүндүн 110 жылдыгына арналып уюштурулган эскерүү жүрүшү жети күнгө уланат. Алар Үркүндө эл басып өткөн тарыхый жол менен 110 чакырым жөө басып, Сөөк ашуусуна чейин жетишет.Алтынчы ирет өтүп жаткан жүрүштүн (трекинг) катышуучулары бул жолу Тосор, Кыргын-Сай, Дуулат-Булак, Ашуу-Төр, Жанек баатырдын конушу, Сары-Мойнок,...