Орусиянын кеминде эки аймагы 25-июлга караган түнү Украинанын дрон чабуулуна кабылганы кабарланууда.Украина менен чектеш тилкеде жайгашкан Белгород облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Шуваев социалдык медиада украиналык дрондордун катуу соккусу тууралуу тараган көптөгөн маалыматтарды тастыктады.«Айрым көчөлөр зыянга учурады, өрт чыгып жатат, аларды өчүрүү аракети көрүлүүдө. Атайын күчтөр ишин улантууда», — деп жазды Шуваев. Анын билдиришинче, жараат алгандар тез арада...