Мындан 20 жыл мурун Ош шаарындагы, Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы ооруканаларда дарыгерлердин айынан жүздөгөн балага ВИЧ инфекциясы жуккан. Бүгүн алардын көбү бой жетип, үй-бүлө кура баштады. Жаштардын түгөй табышына энелери түзгөн "Жуучулар" аттуу WhatsApp тайпасы жардам берүүдө.