Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Борбордук Азия өлкөлөрүн күчтүү жер титирөөлөрүнө даярдоонун зарылдыгы тууралуу билдирүүсү Кыргызстанда жакын арада күчтүү жер титирөө болот дегенди билдирбейт. Бул тууралуу сейсмолог Канатбек Абдрахматов «Эркин Тоо» гезитине берген интервьюсунда айтты.

Адистин айтымында, учурда Сейсмология институту өлкөдө жакын арада күчтүү жер титирөө күтүлүп жатканына далил болгон илимий маалыматтарга ээ эмес.