Бишкекте Threads социалдык тармагынын колдонуучусу мыйзамсыз митинг уюштурууга чакырык жасоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлап, кылмыш иши козголгонун 25-июлда билдирди.Маалыматка караганда, социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө “Slivy_telegramm” (мурунку аталышы — beksultankg99) аккаунту аныкталган. Милиция “аталган аккаунт аркылуу Кытайдын жарандарына карата терс мүнөздөгү маалыматтар системалуу түрдө таратылып, ошондой эле коомдук...