





Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусунун 82 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты. Ал Талас облусунун маанилүүлүгүн белгилеп, Талас дайыма тынчтык жана коңшулук символу болуп келгенин, ар түрдүү элдерге жана маданияттарга болгон сый-урматтын салттары орнотулганын айтты.