Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна мүчө мамлекеттер Карим Ханды бул соттук органдын башкы прокурору кызматынан четтетүүнү колдоп добуш берди. Бул тууралуу алгачкылардан болуп Reuters агенттиги эки дипломатиялык булагына таянып жазды.Алардын айтымында, мындай чечимди 125 өлкөнүн 82си колдоду. Кайсы өлкөлөр “макул” деп добуш бергени беймаалым.Кийинчерээк бул маалыматты Эл аралык кылмыш соту ырастады. Соттун маалыматында Хан кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда олуттуу тартип бузууга жол...