АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 25-июлда эртең менен Ирандын портторуна карай жолду америкалыктар блокадада кармап турганына карабастан ал жакка өтүүгө аракет кылган танкерге сокку урганын билдирди.Командачылыктын өкүлү Тим Хокинс танкер блокаданы айланып өтүүгө бир нече жолу аракет кылганын, ошондон кийин ал бутага алынганын айтты."Экипаж блокаданы кеминде төрт жолу бузууга аракет кылгандан кийин биз танкерди жарактан чыгардык. Аларга бир нече жолу эскертүү берилген, бирок баш...