Кыргызгидромет 25-июлдан 31-июлга чейин Бишкектеги аба ырайынын прогнозун сунуштады. Жакынкы күндөрдө синоптиктер борбордо түнкүсүн жаан жаабай, күндүз кыска мөөнөттүү жамгыр жана грозалар болушу мүмкүн деп күтүшүүдө. 27-июлдан 31-июлга чейин Бишкекте негизинен кургак аба ырайы болжолдонууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 метр секундга чейин жетет.
Жакынкы күндөрдөгү абанын температурасынын прогнозу төмөндөгүдөй:
25-июль: түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34;
26-июль: түнкүсүн +18…+20, күндүз +31…+33;
27-июль: түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34;
28-июль: түнкүсүн +16…+18, күндүз +33…+35;
29-июль: түнкүсүн +17…+19, күндүз +34…+36;
30-июль: түнкүсүн +17…+19, күндүз +34…+36;
31-июль: түнкүсүн +17…+19, күндүз +34…+36.