Екатеринбургда Wildberries логистикалык борборунун жанындагы токтотуучу жайда дрондордун чабуулунан кийин өрт чыкты. Свердловск облусунун губернатору Денис Паслер бардык адамдар эвакуацияланганын жана жабыркагандар жок экенин билдирди.
25-июлда таң эрте жергиликтүү E1.ru басылмасы Wildberries кампасынын аймагында калың түтүн көтөрүлүп жатканын көрсөтүп турган сүрөттөрдү жарыялады. Компания эвакуация алдын ала, коопсуздук талаптарына ылайык жүргүзүлгөнүн билдирди.