Бишкекте THE OTHERS деп аталган жаңы искусство мейкиндиги ачылды, ал шаардагы граффити маданиятына арналган GRAFFITI EDITION көргөзмөсү менен башталды. Расмий ачылыш 18-июлда өттү.

Көргөзмөдө Кыргызстандагы граффити кыймылынын башталышында болгон художниктерден тартып, заманбап жаш райтерлерге чейин ар кыл доордун эмгектери сунушталууда.