


Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Пакистандын Премьер-министринин орун басары жана Тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушуусу болду. Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отуруму алкагында өттү.
Переговорлор учурунда тараптар эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамиканы белгилеп, соода, экономика, инвестициялар, транспорт, банк иши жана маданият сыяктуу тармактарда кызматташууну кеңейтүү перспективаларын талкуулашты. Ошондой эле региондогу биргелешкен долбоорлор каралды.