
Ал Талас ар дайым тынчтык, макулдашуу жана коңшулук символу болгонун, ар түрдүү элдерге жана маданияттарга болгон урматтоо салттарынын калыптанганын айтты. "Кыргыз эли байыртан бери эр жүрөк жана баатыр. Талас - Манас, Чолпонбай Тулебердиев жана Чингиз Айтматовдун жери, өлкөгө өзүнүн таланты жана эмгеги менен Кыргызстандын атын чыгарган көптөгөн көрүнүктүү инсандарды тартуулаган", - деп кошумчалады ал.