Орусиянын Украинанын аймактарына 25-июлда урган соккуларынан кеминде жети адам каза болду. Сумыда "Нова пошта" терминалы, Полтавада май куюучу жай, бир катар облустардагы инфраструктура жана турак үйлөр аткыланды."Нова поштанын" маалыматына караганда, жеткирүүчү өнөктөш ишканалардын үч айдоочусу каза болду.Мэр Артем Кобзарь тактагандай, сокку реактивдүү учкучсуз аппараттар менен урулду. Чоң өрт чыгып, чабуул коюлган жерден дагы эки кишинин сөөгү табылды, мындан тышкары...