Жол жүрүү укугунан ажыратылган, бирок унаа айдаган. Кыргызстандык 70 миң сомго айыпка жыгылды
Сүрөт ГУОБДД
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жарандан «Тундук» мобилдик тиркемесинде төлөнгөн айыптардын көрсөтүлүшү боюнча кайрылуу келип түштү. Текшерүү учурунда бул жаран мурда соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан ажыратылганы, бирок унаа айдаганы аныкталды.

Текшерүү учурунда ал укугунан ажыратылган мезгилде унаа башкаруу мыйзамды эки жолу бузгандыгы белгилүү болду. Жаран ГУОБДД бөлүмүнө түшүндүрмө берүү үчүн чакырылды, ал өз унаасы менен келди.