Юстиция министри Аяз Баетов соңку учурда коомчулукта талкуу жараткан жерди ижарага берүү, миграция жана тышкы карыз маселесине байланыштуу пикирин билдирди. Министр Кыргызстан 2020-жылдан бери Кытайдан бир да доллар карыз албаганын 25-июлда Фейсбук баракчасына жазды. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда өлкө Кытайдан дээрлик 1 миллиард 796 миллион доллар карыз алганын белгиледи. Министр жазганына караганда, Кыргызстан карыздын 419 миллион 840 миңин кайтарган.Ал эми жерди...