
Испанияда Мадриддин жанындагы жана Авила провинциясындагы интенсивдүү орман өрттөрү себептүү өзгөчө абал киргизилди. Бул табигый кырсыктардын натыйжасында 70 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушту.
Мамлекеттик саламаттыкты сактоо министрлиги борбордун тургундары үчүн оттун түтүнү менен булганган аба саламаттыкка коркунуч туудурушу мүмкүн экендиги боюнча эскертүү чыгарды.
Бул кырдаалга жооп катары Испания Европалык Союздан жарандык коргонуу механизми аркылуу өрттөр менен күрөшүүгө жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого жардам сурады.