Кытайдын жарандары Кыргызстанга виза менен келип, анын мөөнөтү аяктаган соң өлкөдөн чыгышат, бул процесс мамлекеттик катуу көзөмөл астында болот. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов билдирди.
Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Кытайдын жарандары Кыргызстанга кирип-чыгуунун саны боюнча бешинчи орунду ээлейт. Бул тизмеде алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары, ошондой эле Өзбекстан, Казакстан жана Россиянын жарандары лидерлик кылышат.