Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети (МУКК) 1984-жылы туулган Кыргызстандын жаранын массалык башаламандыкка коомдук чакырыктарды уюштурган деген шек менен кармады. Бул маалыматты ведомствонун басма сөз кызматы тастыктады.

Кармалган адамга Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 278-беренеси боюнча, массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иши козголду.