Өзбекстандын маданият министри, эл артисти Озодбек Назарбеков коштогон чыгармачыл топ бүгүн, 26-июлда Ысык-Көлгө келди.Аларды Тамчыдагы эл аралык аэропорттон маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов тосуп алды.Коңшу өлкөнүн 200дөй чыгармачыл инсандарынын катарында Өзбекстандын эл артисттери Фаррух Закиров, Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова, Зулайхо Бойхонова бар.Көрүүчүлөргө эки күн бою "Навбахор" жана "Тумор" бий ансамблдеринин...