Жакынкы жылдары Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жолунун курулушу башталат.Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-июлда Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземинде айтты.Президенттин белгилешинче, стратегиялык долбоор өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн темир жол аркылуу бириктирет."Кара-Кече көмүр кенин өндүрүш борборлору менен байланыштырып, Кыргызстандын ички жүк ташууларын жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрөт. Келечекте бул...