Бишкектеги "Мадина" базарынын сатуучулары бүгүн, 26-июлда нааразылык акциясына чыгышты. Алар базарды көчүрүүгө каршы чыгууда."Азаттык" байланышкан сатуучулардын бири базардын ичинде 200дөй адам чогулганын билдирди."Биз базарды көчүрүүгө каршыбыз. Жаныбыздагы жаңы соода борборуна көчкүлө деп жатат. Бирок ал жерде шарт жок. Кенемте да төлөп беришпейт экен. Базаркомго келсек, "квадратурасын 3 миң доллардан сатып алгыла же квадратурасын 25 миңден төлөп ижарага...