Кыргызстанда быйылкы жылдын алты айында 1 миллиондон ашуун адам гепатиттин вирустук В түрүнө каршы эмдөө алды. Алардын ичинен биринчи дозасы 446 319, экинчи дозасы 358 159, үчүнчү дозасы 250 534 адамга сайылган.Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору билдирди.Маалыматка таянсак, В вирустук гепатити боюнча 6229 бейтап, В жана D вирустарынын ко-инфекциясы боюнча 3244 бейтап дарыланууда. Ал эми С вирустук...