Суусамыр жайлоосунда алтыганадан биожем даярдалып жатат. Практикалык эксперименттин жүрүшүндө бадалдар түбүнөн кыйылып, атайын техника менен майдаланып, кайра иштетилүүдө.Бул илимий-тажрыйбалык долбоордун башкы максаты – деградацияга учураган жайытты калыбына келтирүү, мал чарбачылыгын сапаттуу тоют менен камсыздоону жакшыртуу жана малчылардын кирешесин көбөйтүү.Изилдөөлөрдү Борбор Азиянын Айлана-чөйрө экологиясы боюнча илимий-изилдөө борбору Кытай Илимдер академиясынын окумуштуулары менен...