Жарым жылда Тажикстанда коррупция тармагында 331,4 млн сомони өлчөмүндө зыян аныкталды. Эң коррупциялашкан мамлекеттик органдардын тизмеси

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Тажикстанда коррупциялык аракеттердин натыйжасында 331,4 млн сомони өлчөмүндө зыян катталды. Бул тууралуу Тажикстандын Мамлекеттик финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинен маалым болду, Sputnik Тажикстан билдирет.

Агенттиктин төрагасы Сулаймон Султонзоданын айтымында, коррупциялык мыйзам бузуулар эң көп жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдарында катталган. Мамлекеттик структураларда 591 кылмыш болгон, ага 561 адам катышкан.