Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Өзбекстанга экспорттолгон арашан породасындагы 169 баш койго байланыштуу түшүндүрмө берди.Министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун белгилешинче, асыл тукум малды экспорттоодон мамлекеттик бюджетке 17 миңден 20 миң сомго чейинки тиешелүү төлөмдөр түшөт."Арашан породасындагы асыл тукум койлордун экспорту ички рыноктогу баага таасирин тийгизбейт. Анткени бул жогорку генетикалык баалуулукка ээ асыл тукум мал....