Кыргызстанда гепатиттин вирустук В түрүнө каршы эмдөөнүн биринчи дозасын 446 319, экинчи дозасын 358 159, үчүнчү дозасын 250 534 адам алды. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору билдирди.Маалыматка таянсак, быйылкы жылдын алты айында 235 миңден ашуун адам гепатиттин В түрүнө, 234 миңден ашуун адам гепатиттин С түрүнө, 20 миңден ашуун адам D түрүнө текшерүүдөн өткөн.Ушу тапта В вирустук гепатити боюнча...