Америкада Ирандын ядролук объекттеринен байытылган уранды алуу үчүн аскердик операция өткөрүү пландары каралууда. Бул тууралуу New York Post гезити аскердик стратегиялар жана бул тармактагы адистер менен тааныш булактарга таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, операция бир нече миң аскердин катышуусунда ядролук объекттерге чабуул жасоону, ошондой эле аймактарды миналардан тазалоо, инженердик бөлүмдөрдүн ишин жана коргонуу периметрлерин түзүүнү камтышы мүмкүн.