АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскердик кампанияны күчөтүү пландарынан азырынча баш тартты. Буга америкалык аскер жетекчилери “Пэтриот” абадан коргонуу системалары үчүн ракеталардын жана Жакынкы Чыгыштагы башка абадан коргонуу каражаттарынын запасы түгөнүп калышы мүмкүн экенин эскерткени себеп болгон. Бул тууралуу The New York Times басылмасы Ак үйдөгү өз булактарына таянып жазды.Басылманын маалыматына ылайык, мындай чечим Трамптын башкы кеңешчилеры жана Министрлер кабинетинин...