Бишкекте Санкт-Петербургдун Информациялық бизнес борбору ачылат
Бишкекте Санкт-Петербургдун Информациялық бизнес борбору иштей баштайт. Бул тууралуу макулдашуу 23-июлда Смольныйда Санкт-Петербургдун Чет өлкө байланыштары боюнча комитетинин төрагасы Евгений Григорьев менен борбордун оператору "Аривист" компаниясынын башкы директору Евгений Кошкаровдун ортосунда кол коюлду.

Бул борбордун түзүлүшү Санкт-Петербург менен Кыргызстан ортосундагы 20 жылдан ашуун кызматташтыктын маанилүү жыйынтыгы болуп саналат, деп белгилешет Чет өлкө байланыштары боюнча комитетте.