Бишкекте ШОСка мүчө мамлекеттердин маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форуму өтүп жатат. Бул иш-чара Кыргызстандын «Кабар» улуттук маалымат агенттиги менен Кытайдын «Синьхуа» агенттиги тарабынан уюштурулган. Иш-чарага 26 өлкөдөн 250дөн ашык катышуучу чогулган, анын ичинде ири маалымат агенттиктеринин жетекчилери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, аналитиктер жана илим кызматкерлери бар. Форумдун негизги темасы — «ШОС жаңы доордо: өз ара түшүнүүдөн практикалык кызматташууга». Катышуучулар эл аралык маалыматтык кызматташтык, медиадагы санариптик трансформация, гуманитардык өз ара аракеттенүү жана глобалдык маалыматтык мейкиндиктеги заманбап чакырыктар боюнча маселелерди талкуулашууда.
ТАССтын орун басары Марат Абулхатин өткөн окуяларды анализдөөнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле келечектеги тенденцияларды болжолдоо жөндөмдүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, мындай жыйындар тажрыйба алмашууга жана актуалдуу маселелер үчүн биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга жардам берет. Ал учурдагы шарттарда өткөндү гана анализдеп тим болбостон, окуяларды активдүү болжолдоо зарылдыгын баса белгиледи, бул ШОСка мүчө мамлекеттердин саясий элиталары үчүн өзгөчө мааниге ээ.