ШКУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ЖМКлары менен аналитикалык борборлорунун Бишкекте өтүп жаткан медиафоруму маалыматтык коопсуздукту бекемдөө жана интеллектуалдык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков аталган иш-чарага катышып жатканда айтты.