
Эми мигранттар жашоо минимумунан төмөн киреше табууга укугу жок
Россиянын президенти Владимир Путин чет элдик эмгек мигранттарына коюлган талаптарды катуулаштырган мыйзамды бекитти. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мигранттар өздөрүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн жашоо минимумунан төмөн эмес деңгээлде камсыз кылууга милдеттүү, региондук коэффициенттерди эске алуу менен. Бул документ расмий укуктук маалымат порталында жарыяланды.
Жаңы мыйзамга ылайык, чет элдик жумушчулардын финансылык абалын көзөмөлдөө салык органдары менен Ички иштер министрлигинин автоматташтырылган өз ара аракеттенүүсү аркылуу жүргүзүлөт.
Салык кызматы эмгек мигранттарынын кирешелери жөнүндө маалыматты Ички иштер министрлигине ар кандай мезгилдер үчүн — үч, алты, тогуз жана он эки айдын ичинде өткөрүп турат.
Эгер мигранттын кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө белгиленген деңгээлден төмөн болсо, анын эмгек патенти же жумушка уруксаты узартылбайт же жокко чыгарылышы мүмкүн. Мындай учурда чет элдик жаран жашы жете элек балдары менен Россиядан он беш күндүн ичинде чыгып кетиши керек.
Мыйзамдын негизги жоболору 2027-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Сүрөт www