Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлорунун жетекчилеринин форуму башталды. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук маалымат агенттиги «Кабар» тарабынан Кытайдын «Синьхуа» агенттиги менен биргеликте уюштурулган. Фестиваль ШКУнун 25 жылдыгына арналган, анын төрагалыгын быйыл Кыргызстан жүргүзүүдө.
КНИА «Кабар» директору Медербек Шерметалиев форумга 26 мамлекеттен 200гө жакын делегат катышып жатканын белгиледи. Катышуучулар медиасферадагы маанилүү чакырыктарды, анын ичинде санариптик технологияларды, киберкоопсуздукту, жасалма интеллектти колдонуу, ошондой эле дезинформация жана фейк жаңылыктарга каршы күрөшүүнү талкуулашууда. ШКУнун алкагында маалымат коопсуздугу маселелерине чоң көңүл бурулууда.