Жылдын башынан бери 5200 номерине 3,4 миңден ашык зомбулукка байланыштуу кайрылуулар келип түштү. Бул маалымат Эмгек министрлиги тарабынан айтылды.
Кайрылуулардын структурасы:
  • физикалык зомбулук - 335 учур;
  • психологиялык зомбулук - 1 513 учур;
  • кууп жүрүү - 142 учур;
  • экономикалык зомбулук - 251 учур.
Жалпы кайрылуулардан 1 309 жаран юридикалык жардам алуу үчүн багыттама алды, ал эми 1 302 адам психологиялык колдоо алды.

Кызматтын адистери кайрылууларды иштеп чыгышат, психология, социалдык тармак жана укук боюнча кеңештер беришет, ошондой эле зарыл болгондо жарандарды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана атайын мекемелерге жардам алуу үчүн жөнөтүшөт.