Бишкекте ШОС өлкөлөрүнүн маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форуму ишин баштады




«Ала-Арча» резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форуму башталды. Иш-чара Кыргызстандын аталган уюмдагы төрагалыгынын алкагында өтүүдө. Уюштуруучулар катары Кыргыз Республикасынын «Кабар» улуттук маалымат агенттиги жана Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиги чыгышты.

Форумга Кыргызстан жана ШКУга кирген башка өлкөлөрдөн, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдөн 250гө жакын өкүл катышууда. Бишкекке 26 мамлекеттин улуттук маалымат агенттиктеринин жетекчилери, башкы редакторлор жана эксперттер келишти, бул болсо бул окуянын маанилүүлүгүн баса белгилейт.