Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылына карата 11 жылдык билим берүү жана 12 жылдык окуу мөөнөтүнө этап-этабы менен өтүүчү класстар үчүн окуу пландарын бекитти. Маалыматка караганда, 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи баскычында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстарда окуу процесси жаңыланган билим берүү программалары жана окуу-методикалык комплекстери менен жүргүзүлөт. Мындан тышкары, жаңы окуу жылынан тартып 8-класстарга жумасына 2 сааттык профилге чейинки компонент...