2026–2027-окуу жылында Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасы улантылат. Окуу жылына башталуу мөөнөттөрү өзгөрөт, ошондой эле окуучулар үчүн жаңы билим берүү программалары жана кошумча мүмкүнчүлүктөр киргизилет, деп билдирди Билим берүү министрлиги. Окуу жылы 2026-жылдын 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт.

Окуу жылына башталуу мөөнөттөрүнүн өзгөрүшү Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын белгилөө, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу маанилүү мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү менен байланыштуу.