2026-жылдын башынан бери 5200 номерине 3,4 миңден ашык зомбулукка байланыштуу кайрылуулар келип түштү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Кызматтын адистери жарандардын телефон чалууларына жооп берип, аларга психологиялык, социалдык жана юридикалык кеңештерди беришет. Зарылчылык болсо, кайрылгандарды мамлекеттик органдарга жана адистештирилген уюмдарга керектүү жардам алуу үчүн жөнөтүшөт.