Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кениндеги Бучук тилкесинде өндүрүштүк калдыктар жайыт жерлерге тарагандыгы тууралуу маалымат тастыкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 27-августта кабарлады. Маалыматка караганда, өндүрүштүк калдыктар тазаланып, аймак толугу менен иретке келтирилди. Жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн компанияга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул...