Кыргызстанда ишкерлерге кепилдик катары кыймылсыз мүлк жана материалдык активдерди гана эмес, ошондой эле интеллектуалдык менчик объектилерине болгон эксклюзивдик укуктарды жана келишимдер боюнча талап укуктарын колдонууга мүмкүндүк берген мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул жаңылык IT, инновациялар жана креативдик экономика тармактарындагы компаниялар үчүн каржылоого жетүүнү жакшыртууга багытталган.

Документтин авторлору өлкөнүн учурдагы мыйзамдары нематериалдык активдерди жана талап укуктарын өзүнчө кепилдик катары пайдаланууну эске албаганын белгилешет. Натыйжада, негизги активдери патенттер, программалык камсыздоо же автордук укуктардан турган ишканалар, кыймылсыз мүлк сыяктуу салттуу кепилдиктерсиз кредит алуу боюнча кыйынчылыктарга дуушар болушат.