Кара-Талаа айылындагы окуучулар жаңы мектепте билим алат





Тон районунда, Кара-Талаа айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлиги жумуштардын дээрлик аяктаганын жана учурда ички жасалгалоо жана жайларды тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирет.
Окуу жайынын курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган жана республикалык бюджеттен каржыланууда. Жобонун жалпы баасы 236 миллион сомду түзөт.
Жаңы эки кабаттуу мектеп үч блоктон турат жана заманбап окуу кабинеттери, лаборатория, китепкана, ашкана, акт залы, эмгек окутуу кабинеттери жана спорт залы менен жабдылган. Имараттын аянты 2980 чарчы метрди түзөт.
Мындан тышкары, жапжашыл аймакта футбол талаасы уюштурулган.