Документте мектеп каникулдарынын графиги да көрсөтүлгөн:
- Күзгү каникулдар — 2026-жылдын 11-ноябрынан 15-ноябрына чейин беш календардык күн, сабактар 16-ноябрда кайра башталат;
- Кышкы каникулдар — 2027-жылдын 1-январынан 10-январына чейин 10 күн, сабактар 11-январда башталат;
- Жазгы каникулдар — 2027-жылдын 3-мартынан 8-мартына чейин алты күн, сабактар 9-мартта кайра башталат;
- Май (майрамдык) каникулдар — 2027-жылдын 1-майынан 9-майына чейин тогуз күн, сабактар 2027-жылдын 10-майында башталат.
1-класста окуп жаткан окуучулар үчүн каникулдар эки жумага узартылат, ал эми 2-класстагылар үчүн бир жумага. Кошумча каникулдардын мөөнөттөрү жергиликтүү билим берүү башкармалыктары тарабынан климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен аныкталат.